Бүгүн, 20-июнда премьер-министр Темир Сариев Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттарынын бүтүрүү салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Өкмөт башчы лицейди артыкчылык менен бүтүргөн курсанттардын колуна жогорку аскер билимине ээ болгондугу тууралуу дипломдорун тапшырып, аларга келечектеги ийгиликтерди каалады.
“Сиздер мындан ары карай алдыга коюлган милдеттерди так аткарып, өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, ошондой эле кыргыз армиясынын мыкты салттарын сактоого жана улантууга олуттуу салым кошосуздар деп ишенем",– деп белгиледи Сариев.
Институт өлкөнүн жалпы күч түзүмдөрү
үчүн кадрдык офицерлерди даярдайт.