Каржы министрлиги: "Бюджеттик каражаттар катуу көзөмөлдөнөт"

Бюджеттик каражаттардын эффективдүүлүгү катуу көзөмөлдөнөт. Муну премьер-министр Темир Сариевге шилтеме берүү менен Каржы министрлиги маалымдады. Сариевдин билдиришинче, бюджеттин чыгашасы быйыл 17,5 миллиард сомго көбөйөт. Анын негизинде мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүүгө 2,2 миллиард сом, мамлекеттик эмес кызмат багытындагы кызматкерлердин маянасын жогорулатууга 550 миллион сом жумшалмакчы. 

“Быйылкы парламенттик шайлоо жаңы технологиялардын, биометрикалык маалыматтардын негизинде болоруна байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 404,7 миллион сом, Борбордук шайлоо комиссиясына 360 миллион сом кошумча каралат. Капиталдык салымдар боюнча социалдык объекттерди курууга, курулуш иштерин бүтүрүүгө 500 миллион сом, жолдорду оңдоого жана курууга 1,6 миллиард сом, түрткү берүүчү гранттарга 300 миллион сом бөлүнөт. Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугун катуу көзөмөлгө алабыз”,- деди Сариев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан