Мамлекеттик бажы кызматынын 2015-жылкы бюджети 144 миллион сомго көбөйөт

Мамлекеттик бажы кызматынын 2015-жылкы бюджети 144,4 миллион сомго көбөйөт. Мындай демилге "2015-жылга республикалык бюджет жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамда каралууда. "Мамлекеттик бажы кызматынын 2015-жылга такталган бюджети 2015-жылга бекитилген бюджетке (797,9 миллион сом) салыштырмалуу 144,4 миллион сомго көбөйүп, атайын каражаттарды эсепке алганда, 942,3 миллион сомду түздү. Бюджеттик каражаттар 122,1 миллион сомго, атайын каражаттар 22,4 миллион сомго көбөйдү",- деп билдирет Каржы министрлиги.  

Бюджеттик каражаттардын көбөйүшү Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндөгү келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системин модернизациялоо боюнча иштердин акысын төлөөгө кошумча бөлүнгөн каражаттар менен байланыштуу экени айтылды.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 19-июнда 3 окуудан жактырган. Документ эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан