Кыргыз мамлекетиндеги базарларды сапаттуу минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодо 15тен ашуун фирма иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Азыркы учурда фирмаларда 37,4 миң тонна минералдык жер семирткич бар экени айтылды. "Өзбекстан менен чектешкен чек аралардын жабылып калгандыгына байланыштуу минералдык азоттук жер семирткичтердин ичинен аммиак селитрасынин 1 килограммы Чүйдө 22-23 сом, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 21-25 сом, ал эми карбамиддин 1 килограммы 27 сом болууда",- деп билдирет мекеме.