Өлкөдө коррупцияны жоёт делген "Таза коом" долбоору ишке ашырылмакчы

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында "Таза коом" долбоору талкууланып жатат. Адистердин айтымында, долбоор заманбап компьютердик технологияларды коомдун түрдүү тармактарында пайдаланууга багытталган. "Эң негизгиси, "Таза коом" коррупцияны жана кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдаланууну төмөндөтө алат. Анткени жаңы технологиялар аркылуу электрондук өкмөт түзүлөт. Ошентип, мамлекеттик башкаруу системи ачык-айкын болот",- деп түшүндүрүштү адистер.
Мындан тышкары алар долбоорду ишке ашырууга кытайлык инвесторлор 400 миллион доллардан ашуун инвестиция бөлүүгө даяр экенин белгилешти. "Долбоордун алкагында өлкөдө ири борбор курулмакчы. Ал жерде электрондук байланыштар системи өнүктүрүлөт",- дешти адистер.
Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков долбоорду колдой турганын билдирди. "Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууга муктаж эмес. Ал чет өлкөлүк инвестор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде ишке ашырылат",- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан