"Миңдеген программаларды колдондук, бирок бири да ишке ашкан жок" дейт депутат Сакебаев

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында өлкөдө электрондук байланышты өнүктүрүүгө багытталган "Таза коом" долбоору талкууланып жатат. Айрым депутаттар аталган долбоордун ишке ашырылышына ишенбестик билдиришти.
Депутат Эркин Сакебаев: "Биз 5 жыл ичинде миңдеген программаларды колдондук, бирок бири да ишке ашырылган жок. Буга каржылоо маселеси себеп болду. "Таза коом" долбооруна ири инвестиция керектелет. Мындай көлөмдөгү каражатты таба алабызбы? Ушул суроого так жооп керек",- деди Сакебаев. 
Депутат Ирина Карамушкина долбоорду жактырганын айтты: "Ошол эле учурда "Таза коом" - келечектеги долбоор. Аны ишке ашырууга дагы бир топ убакыт керек".
Айта кетсек, аталган долбоорду ишке ашырууга кытайлык инвесторлор 400 миллион доллардан ашуун инвестиция салышмакчы. Анын алкагында өлкөдө ири борбор курулганы жатат. Ал жерде электрондук байланыштар системи өнүктүрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан