Кыргыз мамлекети Кытай менен соода кызматташтыгын мындан да кеңейтүүгө кызыкдар. Муну вице-премьер-министр Валерий Диль Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда (СУАР) Коммунисттик партиянын партиялык комитетинин катчысы Чжан Чуньсян менен жолугушууда билдирди.
"СУАРга кыргыз-кытай соода айлантуусунун 80 пайызы туура келет. Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыты: транспорт, логистикалык борборлорду куруу, өндүрүш товарларын чыгаруу тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу",- деди Диль.
Кытай мамлекетинин өкүлү Хоргос жана Кашкар шаарларында экономикалык аймактардын түзүлүшү биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.