Бактияр Кадыров: “Таза коом” долбооруна таза эмес чиновниктер каршы чыгышат”

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында өлкөдө электрондук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган "Таза коом" долбоору талкууланып жатат.

Депутат Бактияр Кадыров аталган долбоорду ишке ашырууга таза эмес чиновниктер каршы чыгышарын билдирди. “Бул долбоордун негизги максаты - коррупцияны жана кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдаланууну төмөндөтүү. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, калктан пара алып нан таап жүргөн бюрократтар бир эле айлыкка жашап калышат. Ошондуктан алар биригишип долбоорду сынга алышат жана каршы аракеттерди көрүшөт,- деген пикирин айтты Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан