Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери үй бөлүнүп берилбегени үчүн өкмөткө нааразычылыгын билдиришүүдө. Ардагерлер кеңешинин мүчөсү
Памирбек Султанкулов бүгүн, 22-июнда маалымат жыйынында билдиргендей, үй ала албаган күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин саны 15 миңден ашат.
"Биз өкмөткө кайрылсак, алар бул ишти мэрияга тапшырып жатат. Ал эми мэрияга барсак, алар иштерди райондордун акимдерине тапшырдык дешет. Каражаты жок, мүмкүнчүлүгү чектелген райондук администрация бизге кандай жардам бере алат? Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Эмнеге депутаттар жана башка чиновниктер кенен-кенен жер тилкелерин бөлдүрүп алышат да, 25 жыл мамлекетке кызмат кылгандар үйсүз калышат? Эч болбосо кандайдыр бир жеңилдиктер менен үй куруп беришсе болмок. Мына мен үй алайын деп жатканда менин ордума башкалар алып кетишти. Жерди жана үйдү чуркагандар алышты. Мен өз укугумду билбегеним үчүн үйсүз калдым",- деди П.Султанкулов.
Памирбек мырза жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында иштеп, ардактуу эс алууга чыкканын айтты.