Айдоо жерлерге спорттук комплекс жана башка жайларды курууга уруксат берүүчү мыйзамга кол коюлду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Сугат-айдоо жерлерин башка категорияга которууга мораторий киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, мораторийдин сугат-айдоо жерлериндеги дене тарбия, ден соолукту чыңдоочу комплекстер жана башка маанилүү максаттарды көздөгөн курулуштарга таасири болбойт. Тактап айтканда, аталган жайлар үчүн айдоо жерлеринин категориясын "курулуш үчүн" деп өзгөртүүгө мүмкүн. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күндөн кийин күчүнө кирет.    
Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаевдин жана "Газпром" башкармалыгынын төрагасынын 2014-жылдын 8-10-сентябрында болуп өткөн жолугушуусунда "Газпром" балдарга" программасынын алкагында "Газпром" ААК Кыргыз Республикасынын аймактарында дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекстерин курууну каржылай тургандыгы жөнүндө макулдашуу болгон. Мында көрсөтүлгөн комплекстерди куруу аяктагандан кийин аларды муниципалдык менчикке акысыз берүү болжолдонуп жатат. Анын натыйжасы боюнча 2015-жылы Бишкек, Чолпон-Ата, Талас жана Кара-Суу шаарларында 4 объект куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан