Бүгүн, 22-июнда күч түзүмдөрүнүн ардагерлери үй бөлүнүп берилбегенин айтып, маалымат жыйынын өткөрүштү. Ардагер Памирбек Султанкулов ардагерлердин үй албай калганы мыйзам иштебегенине жана өкмөттүн иштебей жатканына байланыштуу экенин айтты. Ал эми ага жанаша отурган К.Асаналиев атындагы Аскердик акыйкатчы институтунун жетекчиси Анвар Сартаев бардык маселе боюнча өкмөттү күнөөлөгөн туура эмес экенин айтты. "Эгер ардагерлер убагында аракет кылып, өкмөткө кайрылганда, үй алып калышмак. Азыр мурункудай заман эмес да, ардактуу эс алууга чыккандан кийин артыңдан издеп келип үй бергидей. Ардагерлер мыйзам менен жакындан таанышышы керек эле",- деди А.Сартаев.