Абдыманап Кутушев: "Корей жигиттерине тийген кыргыз кыздары бактысыз болуп калышууда"

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 22-июндагы жыйынында Түштүк Кореяга иш сапары менен барып келген депутаттар Абдыманап Кутушев, Саматбек Ибраев жана башкалар маалымат беришти. Талкууда депутат Ирина Карамушкина түштүк кореялыктарга турмушка чыккан кыргыз кыздарынын тагдырына кызыкты. "Парламент жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Түштүк Кореянын жарандарына күйөөгө чыккан көптөгөн кыздарыбыз көчөдө калганын билдирген. Бул маалымат чындыкка туура келеби?"- деп сурады Карамушкина. 
Буга депутат Абдыманап Кутушев төмөнкүчө жооп берди: "Көп учурда кыргыз кыздары корей тасмаларында чагылдырылган бактылуу жашоону каалашат. Бирок жолдошу менен Түштүк Кореяга барганда күйөөсү бай эмес, кембагал эле адам болуп чыгат. Ошол себептен биринчи күнү эле ажырашуу жөнүндө арыз жазган учурлар көп катталууда".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан