Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 22-июндагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер комитет жыйынында билдиргендей, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты - бийик тоолуу кендердин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана стратегиялык объектилерде пайдалуу кендерди казып алууга өндүрүштүн токтоп калуусунун геотехникалык, экологиялык, социалдык-экономикалык жана укуктук терс жыйынтыктарынын алдын алуу.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кен жаткан зонага туш келген муз массасын башка жакка милдеттүү көчүрүү шарты менен издөө, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана кен байлыктардын кен жаткан жерин иштетүүгө мүмкүндүк берет. “Кумтөр” кениндеги жылып келе жаткан муз массасын жүктөө боюнча тоо иштерине макулдашуунун жоктугу азыркы учурда оор кырдаалды пайда кылып жатканын айтышты.
Депутаттар Лысый, Давыдов мөңгүлөрүнө уруксат берүү боюнча мыйзамга алардын аттарын конкреттүү түрдө жазуу керектигин, жалпылап жазылып калса, калган Бордо, Сары-Төр мөңгүлөрүн башка жакка милдеттүү көчүрүүгө уруксат берилип каларын эскертишти эле, өкмөт мүчөлөрү мыйзамга конкреттүү аталыштарды кошуп жазууга болбостугун билдиришти. Лысый, Давыдов мөңгүлөрүнөн башка объектилер кен иштетүүчү жерлерден 500 метр алыстыгын, алар жылдырылбастыгын белгиледи.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 2-3-окууларда жактыруу чечими кабыл алынды.
Эскерте кетсек, бул мыйзамдын 1-окуусунда 70тен ашык депутат "макул", 33 депутат "каршы" деп добуш берген. Каршы чыккандар мыйзам кабыл алынса, "Кумтөрдү" иштеткен "Центерра" мөңгүнү каалагандай талкалап, экологияга эбегейсиз зыян алып келерин айтышууда.