Аскердик прокуратура органдарында көптөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратура органдарында түрдүү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында текшерүү жүргүзгөн жумушчу топту жетектеген депутат Исмаил Исаков билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузууларды төмөнкү түрлөргө бөлсө болот. Алар:

1) Аскерге мыйзамсыз чакыруу (жумушчу топ 5 фактты аныктады). 

2) Аскердик чинди мыйзамсыз берүү (жумушчу топ 13 факт аныктады). 
3) Ден соолугуна байланыштуу альтернативдик кызматты өтүп, 2-категориядагы запаска туруп, бирок мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу. Айта кетсек, 2-категориядагы жарандар жалпы мобилизациялоо мезгилинде чакырылыш керек.

4) Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу.

5) Аскердик наамды мөөнөтүнөн мурун тапшыруу.

Бул маалыматты жарыялаган соң депутат Исаков тиешелүү токтом долбоорун Аскер прокуратурасына тапшырып, күнөөлүүлөрдү кызматтан бошотууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан