Бүгүн, 22-июнда Ош шаарында Жогорку Соттун алдындагы Судьялардын окуу борбору сот тутумун
бекемдөө боюнча экинчи инстанциянын
судьялары үчүн «Жогору турган соттор үчүн жарандык жана жазык иштери боюнча сот
актыларды талдоо усулдугу» деген
аталышта семинар өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Семинарды Судьялардын окуу борборунун жергиликтүү соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлерди окутуу боюнча секторунун башчысы М.Оморова жана Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча ЮСАИД/ИДЛО программасынын эксперти Д.Максимбекова ачышты. Анда тренер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун отставкадагы судьясы Р.И.Эралиева, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Р.А.Каримова окутуп жатышат. Ага 23 судья катышууда жана семинардын иши эртең, 23-июнда уланат.