Чаткал: 100дөй адам алтын казган корей ишканасынын ишин токтоткону жатышат

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын Чандалаш кыштагында кореялык алтын казган ишкана алтынды казуу боюнча элдин талабынын 20 пайызын гана аткарып, 10 күн мурун ишти баштап алды. Алар алгач көпүрө салып берип, ишти 26-июнда башташ керек болчу. Муну SUPER.KG порталына айыл тургундары кабарлашты. 
Маалым болгондой, көпүрө алигиче салына элек. Буга ачууланган 70-80 чакты тургун ишкананын ишин токтотуп салды. Ал эми корейлер "көпүрөнү бүтүрөбүз" дешкени менен, майнап чыкпай келет. "Булар курган көпүрөнүн тумбасы суунун агымы көбөйгөндө кулап калды. Эки тарап дагы эле келише албай жатышат",- дешет тургундар.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Hernandez
2015-06-22 22:06:44
Кыйратыпсынар
+1
nurchik05
2015-06-23 15:59:15
Туура эле кылышат созунун устунон чыгыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан