Ала-Букада аскердик бөлүктүн түптөлгөн күнүнө арналган салтанаттуу азем өттү

Ала-Букада 22-июнда аскердик бөлүктүн түптөлгөн күнүнө арналган салтанаттуу азем өттү. Ага "Ала-Бука" чек ара отрядынын өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана ардагерлер катышышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара отрядынын башчысы Замирбек Надырбеков куттуктоо сөзүндө Мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик бөлүк түптөлгөндөн тартып бир катар маанилүү иш-аракеттерди жасаганын айтты.
"Кыргыз Республикасынын чек ара отрядына мамлекеттин жана элдин ишеними зор. Бүгүн биз кесибибиз менен сыймыктанабыз жана аны муундан муунга өткөрүп берүүгө даярбыз",- деди З.Надырбеков.
Иш-чаранын жүрүшүндө жигердүүлүгүн көрсөткөн чек арачыларга сыйлыктар тапшырылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
djamilia
2015-06-22 19:31:39
Ala Bukanin kaysil jerinde
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан