Монголия Кыргыз Республикасы менен терроризмге каршы күрөшүүгө кызыкдар

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети терроризм менен күрөшүү боюнча Монголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууну карады. Талкууда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү бул макулдашуунун алкагында терроризмге жана кибертерроризмге каршы күрөшүүдө эки мамлекет бири-бирине маалыматтык колдоо көрсөтмөкчү. "Мындан тышкары тараптар кадрларды даярдоо иштерин жүргүзүшөт. Мындай аракеттер терроризмдин алдын алуу максатында уюштурулат. Аталган макулдашууну Монголия тарап демилгелеген",- дешти УКМК өкүлдөрү.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар макулдашууну жактырышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан