Улуу академик Константин Юдахиндин 125 жылдыгы жана СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган «Кыргызча-орусча сөздүккө” 50 жыл толгондугунун урматына КРнын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия салтанаттуу кече өткөрмөкчү. Бул тууралуу 22-июнда аталган комиссиядан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара 26-июнда К.Юдахиндин эстелигине гүл коюу аземи менен башталып, расмий бөлүгү Кыргыз улуттук филармониясында уланат. Салтанаттуу кечеге мамлекет башчы баштаган мамлекеттик бийликтин жетекчилери, ЖКнын депутаттары, элчиликтер, илимий коомчулук чакырылган.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы А.Молдокановдун билдирүүсүнө караганда, иш-чаранын алкагында К.Юдахин түзгөн “Кыргызча-орусча сөздүк”, К.К.Юдахиндин жалпы редакциясы алдында түзүлгөн “Орусча-кыргызча сөздүк” жана “Кыргызча-орусча сөздүктүн” ичиндеги унут калган, колдонуудан чыгып бара жаткан 7000ден ашуун сөздү камтыган “Сөздүктөгү сөздүк” аттуу китептер жарыкка чыгууда. Аталган китептер салтанаттуу кеченин конокторуна таратылмакчы.
Ал эми жогоруда аталган мааракелерге арналган илимий-практикалык конференциялар сентябрь-октябрь айларында өткөрүлөт.