Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум менен парламенттик шайлоо бир күндө өтүшү мүмкүн

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду парламенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүүнү депутат Феликс Кулов сунуштады. Бул демилгесин ал бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Айта кетсек, парламенттик шайлоо өтчү күн азырынча так белгилене элек. Учурда парламенттик шайлоо 4-октябрда же 1-ноябрда өтөрү талкууланууда.
Ошондой эле бүгүн аталган комитет Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан