Кара-Суу районундагы Кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгына кылмыш иши козголду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча башкармалыкта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу 24-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2013-2014-жылдары аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери тарабынан бир катар мамлекеттик актылар даярдалып, Нариман айыл аймагындагы жерлер кыймылсыз мүлк катары белгисиз адамдарга катталып калган. 19-июнда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан