Нарын. Түгөл-Сай айыл өкмөтүндө кээ бир кызматкерлерге ашыкча эмгек акы жазылганы боюнча кылмыш иши козголду

Нарын облусундагы Жумгал райондук прокуратурасы Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган. Натыйжада 2013-2014-жылдары жана 2015-жылдын 1-кварталында айыл өкмөттөгү айрым кызматкерлерге ашыкча эмгек акы берилгени маалым болгон. Жалпысынан 182 400 сом ашыкча жазылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 24-июнда билдирди.
Факты боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан