Темир Сариев: “Биздин эң негизги милдетибиз - чек араны бекем сактоо. Бул үчүн өкмөт бардык күч-аракетин жумшайт"

24-июнда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкөдөгү чек ара маселелери боюнча жумушчу жыйын өттү. Жыйынга коопсуздук маселелер боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев катышканын өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев өлкө чек арасындагы коопсуздукту сактоо өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири экенин белгилеп, чек араны тактоо боюнча делимитация жана демаркация маселелерин тездетүү зарылдыгын билдирди.

“Биздин эң негизги милдетибиз - чек араны бекем сактоо. Бул үчүн өкмөт бардык күч-аракетин жумшайт. Ошол эле учурда чек арачыларга карата камкордукту күчөтүү менен чек арадагы ар кыл чукул кырдаалдын алдын алуу керек. Бул үчүн чек арачылардын күжүрмөн даярдыгын күчөтүп, техникалык базаны чыңдоо зарыл”,- деди ал. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев өлкө чек араларында абал туруктуу экенин билдирип, учурда коопсуздукту сактоо үчүн аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, өлкө түштүгүндөгү талаштуу чек ара аймактары боюнча көзөмөл күчөтүлдү. Анын алкагында апрель айында Тажикстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, чек араны куралсыз, капысынан бузуп алган адамдарга каршы курал колдонбоо боюнча келишимге жетишилди. Чек ара кызматынын төрагасы бул багытта учурда Өзбекстандын чек ара органдары менен сүйлөшүү өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жыйын соңунда Сариев чек арачыларды турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштер аткарыларын билдирди. Өз кезегинде Райимберди Дүйшөнбиевге чек арачылардын арасында тартипке өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан