Арменияда электр энергиясы үчүн баанын көтөрүлүшүнө каршылык билдирип чыккан митингчилердин басымы токтой элек. Нааразычылык бүгүн да улантылууда. Акция Гюмри, Ванадзор, Аштарак жана Абовян шаарларында, ошондой эле өлкө борбору Ереванда уюштурулууда. Алар элдин баарын жарыкты кечки саат 9дан 10го чейин толугу менен өчүрүп салууга чакырышууда.
"Эркиндик" аянтында нааразычылык акциясы 19-июндан бери күнү-түнү өтүп жатат. 23-июнда милиция митингчилерге тарап кетүү талабын коюп, бирок ал аткарылбаган соң активисттерди камакка алуу, күчкө салып таратуу аракеттери көрүлгөн. Андан 200дөй адам жаракат алган. Митингчилер эле эмес, окуяны чагылдырып жаткан журналисттер, операторлор сабалган.
Кошумчалай кетсек, Армения ушул жылдын башында Бажы биримдигине кирген. Армениянын Коомдук кызматтарды жөнгө салуу боюнча комиссиясы 17-июнда электр энергиясына болгон бааны бекиткен. Бул чечимге ылайык, калк 1-августтан тарта 1 киловаттка 6,93 драм кымбат төлөп баштайт. 1 драм 13 тыйынга барабар экенин эске алсак, баа 89 тыйынга кымбаттаган (же болбосо 16,7 пайыз).