Кыргыз мамлекетинин аймагына кирген чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк ташуучу унааларга бирдей атайын төлөм киргизүү чаралары каралат

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын аймагына кирген чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк жана жүргүнчү ташуучу унааларга жалпыга бирдей атайын төлөм киргизүү чаралары каралган мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин айтымында, жүк ташуучу автомашиналарга жалпыга бирдей атайын төлөм киргизүү үчүн “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамдарга, КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. Ал эми чет өлкөлүк жеңил автоунаалар ата мекендик жеңил автомашиналардай эле мындай төлөмдөрдөн бошотулат.

Мыйзам кабыл алынып калса, 2016-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш. Ал күчүнө кирген соң, экологиялык алымдар жоюлат. Чогулган каражат жолду калыбына келтирүү багытында жумшалмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан