Инспектор: “Мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруучу жайлардын айып пулун 500 сом эмес, 50 миң сом кылыш керек”

"Мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруучу жайлардын айып пулун 500 сом эмес, 50 миң сом кылыш керек". Мындай пикирин бүгүн, 26-июнда Бишкекте жүргүзүлгөн рейд учурунда Инспектирлөө башкармалыгынын алдынкы инспектору Эмир Жумаев билдирди. Анын айтымында, айып пулдун наркынын аздыгынан улам көбүнчө ишкерлер мыйзамсыз иштөөнү ылайык көрүшөт.

Лицензияны биз акча алмаштыруучу жайларга 300 сомго 3 жылга беребиз. Мындан тышкары алар жайгашкан жеринин өтүмдүүлүгүнө жараша айына 10 миңден 15 миң сомго чейин турган патентти алышы керек. Ушул салыктан качып, кээде кармалганда 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин төлөп коюуну туура көрүшөт. Мындан улам биз айып пулду жогорулатуу туурасында мыйзам долбоорунун батыраак жактырылышын каалайт элек”,- дейт Жумаев.

Инспектордун айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте мыйзамдуу түрдө лицензия алып иштеген акча алмаштыруучу жайлардын саны болгону 200дү түзөт. Ал эми мыйзамсыз иштегендери андан бир топ көп. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asiana
2015-06-26 15:10:05
Айрыкча Ош базарында 100$ алмаштырсан каратып туруп акчанды берип жатып 500 сом кыскартып калышат шылуундары.Айтсан дагы жон бербей мышык чычкан кылат.Ошолорду жаап эле ташташ керек.
0
Rifle
2015-06-26 15:29:03
asiana, видеого тартып тур. Озуно сак болбосон, кайра жалган жалаа менен куноолойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан