Сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңештин жыйынында сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан 10 мыйзамдан турган ченемдик укук актыларынын топтому каралып, алардын концепциялары толугу менен биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорлорунун топтому төмөнкү ченемдик укук актыларынан турат:

- Кылмыш-жаза кодексинин долбоору; 

- Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоору; 

- Жазык-процесстик кодексинин долбоору; 

- Жазык-аткаруу кодексинин долбоору; 

- Жарандык процесстик кодексинин долбоору;

- Административдик-процесстик кодексинин долбоору; 

- “Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана аткаруучулардын статусу тууралуу” мыйзамдын долбоору; 

- “Судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору; 

- “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдын долбоору.

Талкуунун жыйынтыгында долбоорлор биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Айта кетсек, жаңы мыйзам долбоорлорунун башкы багыты кылмыш-жазыктык кескин жаза чараларынан баш тартып, соттолуучуларга таасир этүүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, аларды эл аралык укук ченемдерине шайкеш келтирүү болуп саналат. Сот реформасынын негизги багыты – азыркы учурда иштеп жаткан административдик, кылмыштык, процесстик мыйзамдарды, ошондой эле ишти сотко жөнөтүү жол-жоболоруна байланышкан мыйзамдарды өркүндөтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан