Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин долбоору каралды.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин долбоорунун концепциясы менен транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев тааныштырды.
Анын билдиришинче, 1994-жылы кабыл алынган азыркы КРнын Аба кодекси авиация тармагынын эл аралык стандарттарына жана азыркы талаптарына жооп бербейт. Мындан тышкары кодекстин жоболору дүйнөлүк алдынкы практикадан артта калып, жарандык авиация чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин катышуучуларынын учурдагы муктаждыктарына жооп бербейт.
Жаңы кодекстин долбоорун иштеп чыгуунун негизги максаты КРнын жарандык авиация чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдык системин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ЭЖАУ) стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына шайкеш келтирүү, аны өркүндөтүү болуп саналат.
Кароого сунуш кылынган кодекстин долбоору жарандык авиациядагы колдонуудагы мыйзамдардын концептуалдык кайра каралган ченемдерин өзүнө камтыйт. Жаңы кодекстин долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны өнүктүрүү, учуунун коопсуздугун жакшыртыш үчүн укуктук негизди түзөт, ошондой эле кыргыз авиакомпанияларынын Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгышы боюнча Европа комиссиясы менен сүйлөшүү процессин башташ үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мыйзам долбоору Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими менен 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.