Парламент чет өлкөгө ташылып кетип жаткан баалуу кендерге экспорттук бажы алымын киргизе турган мыйзам кабыл алды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-июнда өткөн жыйынында "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгарылуучу товарларга ташылып чыгарылуучу (экспорттук) бажылык алымдардын ставкасын белгилөө жөнүндө" мыйзам кабыл алды.

Демилгечилердин айтымында, баалуу металл кендерин чет өлкөгө ташып кетип иштетүү көлөмү жылдан-жылга көбөйүп барат, ошондон улам аларга бажы алымын киргизип, мамлекеттик казынаны толтуруу зарылчылыгы бар. 2014-жылы өлкө аймагынан чыгарылып кеткен алтын кенинин көлөмү 115 миң тоннадан ашты. 2016-жылы 15 пайыз бажы алымын киргизүү, ал эми 2017-жылы аны 20 пайызга чейин көтөрүү каралган. Андан бюджетке жылына 400 миллион сомго чейин кошумча каражат түшө баштайт.

Мыйзам өлкө башчы кол коюлуп, жалпыга маалымдоо каражатында расмий жарыяланган соң, 2016-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан