Президент "Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 21-майында кабыл алынган. Бул тууралуу президенттик аппараттан 26-июнда кабарлашты. 

Маалым болгондой, кабыл алынган мыйзамга ылайык, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкү аялдар бошотулат:

- үй-бүлөдө жападан жалгыз багуучу болуп саналгандар;

- бир же андан ашык жашы жетпеген балдары барлар;

- багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ата-энелери болгондор;

- 55 жаштан ашкан аялдар;

- Биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар аялдар;

- кош бойлуу аялдар.

Ошондой эле мыйзамда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкү жашы жетпегендерди бошотуу каралат:

- Биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы барлар;

- 7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгондор;

- ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан азды түзгөндөр;

- чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыш жасагандар.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 6 айдын ичинде аткарылууга тийиш.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан