Өлкө президенти Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын айрым жоболорунун натыйжалуулугун талдоо боюнча депутаттар аткарган иш жогорку баага татыктуу экенин белгилейт: “Сиздер киргизген мыйзам долбоорун алдын ала талкуулоо анда камтылган сунуштардын көпчүлүгү эксперттик коомчулук жана Кыргыз Республикасынын шайлоочулары тарабынан олуттуу колдоо тапканын көрсөттү. Өзгөчө мамлекеттик бийлик бутактарынын өз ара аракеттешүүсүнүн туруктуу системин түзүү жолундагы жасалма тоскоолдуктарды алып салуу, элдин бийликке болгон ишенимин арттыруу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана карапайым жарандардын укуктарын сактоо сунуштары колдоого алынууда”.
Ошол эле учурда президент А.Атамбаев төмөнкүдөй пикирин кошумчалайт: “...Мыйзам долбоорундагы айрым сунуштар коомдо курч талаш-тартыш жаратты. Мыйзам долбоорун алдын ала талкуулоо үчүн бөлүнгөн убакыт жетишсиз экендиги да анык болуп калды. Ошондуктан маселелердин өтө олуттуу экендигин эске алып, мыйзам долбоорун кайра чакырып алуу өтүнүчү менен сиздерге кайрылууну туура көрдүм. Чогуу иштешкен акыркы беш жылда биз нечен жолу өлкө алдында турган маселелерди чечүү боюнча кыйын, бирок туура чечимдерди таап келгенбиз. Алдыда боло турган парламенттик шайлоолордун жүрүшүндө шайлоочулар менен бирге кырдаалды дагы терең талдап, азыр сунушталып жаткан оңдоолордун туура экендигине ынансак, бул демилгелерге Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинде кайрылууга мүмкүндүк болоруна ишенем”.
Жогорку Кеңештеги өздүк булактардын билдиргенине караганда, фракция лидерлери президенттин өтүнүчүн кабыл алышты.