Алмазбек Атамбаев Кувейттеги жардырууга байланыштуу мамлекеттин эмирине көңүл айтты

Бүгүн, 27-июнда президент Алмазбек Атамбаев тынч жарандардын курмандыгына алып келген “Имам Ас-Садык” мечитинде ишке ашырылган террордук актка байланыштуу Кувейт өлкөсүнүн эмири Сабах аль-Ахмад аль-Жабер аль-Сабахка көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. 

“Кыргыз Республикасы терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө чечкиндүүлүк менен айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы күрөш жүргүзүү боюнча аракеттерин колдойт”,- деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Президент каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетишин каалаарын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Эль-Кувейт шаарындагы жардыруу 26-июнда болуп, 10дон ашык адам көз жумду. Ошондой эле көп сандагы жаракат алгандар бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан