Армения. Митингге чыккандардын басымы күчөп, элдин саны рекорддук көрсөткүчкө жеткени айтылууда

27-июнга караган түнү Ереван шаарында электр энергиясынын кымбатташына каршы нааразычылык акциясына чыккандардын саны кыйла артты. Ошол эле учурда бийлик көзөмөлдү күчөтүп, тартип сакчыларын көбөйткөн. Жалпысынан бул күнү акцияга катышкандардын саны 10 миңден кыйла ашкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады. Маалыматка ылайык, 19-июнда башталган митинг алкагында мынча эл чогула элек болчу. Ошентсе да акция тынч маанайда уланып жатат. 

Кечээ өкмөт нааразычылык акциясына чыккандардын талабын аткаруудан баш тарткан.   

Кошумчалай кетсек, элдин толкунуна алып келген маселе - электр энергиясына болгон баа. Армения ушул жылдын башында Бажы биримдигине кирген. Армениянын Коомдук кызматтарды жөнгө салуу боюнча комиссиясы 17-июнда электр энергиясына болгон бааны бекиткен. Бул чечимге ылайык, калк 1-августтан тарта 1 киловаттка 6,93 драм кымбат төлөп баштайт. 1 драм 13 тыйынга барабар экенин эске алсак, баа 89 тыйынга кымбаттаган (же болбосо 16,7 пайыз). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
joni.joni
2015-06-28 02:42:44
Кыргызстанда деле ерттен ТСга кошулгандан кийин кымбатчылык башталаткенда анда.пикеттен кудай сактасын.арменияда 10 000 ден ашык адам чыгып митинг тынч отуп жаткан болсо.бизде мин еле адам жайлап койот.
+6
bom.bon
2015-06-28 03:22:27
joni.joni, аны бетин нары кышсын.тынчтык сактаса оздоруно элге жакшы. Тополон кылса деле оздоруно элге зыян.
0
konya
2015-06-28 03:26:02
Биз деле митингге чыгышыбыз керек...
-1
Akmosha
2015-06-28 09:44:01
konya, митинге чыгам деп канча Адам набыт болуп жатат.Кудай сактасын,ач отур,тынч отур болду заман.
+1
Kara-kulzha
2015-06-28 15:05:16
Akmosha, карап отУра берет экенбизда, мөнгүлөрдү талкаласада, элди цеонид менен ууласа да тынч отура берет экенбизда.
+3
basyz-kaman.
2015-06-28 15:47:03
Митинг пикетке деле чыгып көрдүк го, кудай сактасын тынчшылык эле болсун мекенибизде.
0
sergo
2015-06-28 17:37:51
Митинг пикетке чыгыш боюнча бизге эч ким жетбейт. Кун куркуроп чагылган болсо деле окмот карабайбы деп чыга беребиз. Бирок антбеин десен биздикилерге жакшы соз жетбейт созсуз кууш керек.
0
KGstan81
2015-06-28 20:37:03
Эртен монгулорубузду жок кылуга бийлик кол койсо анда биз дагын аргасыздан Армениянын эли катары каршылык акцияны откуруго мажбур болобуз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан