Канат Исаев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 29-июнда премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Исаев кызматын тапшырууга арыз жазганы айтылды. Буга чейин премьер-министр алдыдагы шайлоого катыша турган жетекчилер (мамлекеттик органдардын башчылары) кызматын өткөрүп бериши керектигин билдирген эле.
Канатбек Исаев Жогорку Кеңешке “Республика” фракциясынан депутат болуп келген. Ал 2012-жылы партиянын жана фракциянын катарынан чыгып, “Бирдиктүү ынтымак” депутаттык тобун түзүп, жетектеп келген.
Чүй облусунун башчылыгына 2014-жылдын 20-февралында дайындалган.