Прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүү демилгеси 2-окуу режиминде артка кайтарылды

Жогорку Кеңештин депутаттары прокуратура кызматкерлеринин кошумча киреше булагы жок болгондуктан, алардын пенсиясын иш тажрыйбасына жараша көбөйтүүнү сунуш кылышууда. Бул үчүн "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүү киргизилмекчи. Демилге бүгүн, 29-июнда каралып, сунуштарды толуктап киргизүү үчүн экинчи окуу режиминде комитетке кайтарылды. 

Мурда прокуратура кызматкерлеринин пенсиясы судьялардын пенсиясына теңдештирилгени, бирок андай түзөтүү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга кошо киргизилбей калгандыктан, ал мыйзам иштебей калганы айтылды. Ошондуктан прокурорлордун пенсиясын аскер кызматкерлериникине теңдештирүү боюнча сунуш киргизилип жатат. 

Каржы министрлиги мыйзам долбоорунун концепциясына каршы эмес экенин белгилеп, прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүш үчүн 15 миллион сом талап кылынарын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан