Премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызматы жана өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери катышкан окуяны териштирүү тапшырмасын берди. Сариев өкмөттүн 27-июндагы жыйынында күч органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы мындай кырдаалдын жаралышы жаман көрүнүш экенин белгилеп, мындай окуяларга жол бергени үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Бактыбек Ашыровго сөгүш жарыялады.
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевге түзүлгөн кырдаалды тыкыр иликтеп чыгууну тапшырды.
Премьер-министр иликтөө жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин эскертти.
Эскерте кетсек, жакында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери А.А. жана Т.Н. опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалышканын УКМК жарыялаган. Кененирээк бул жакта.