Электр кубатынын жетишсиздигин жоюу максатында чакан жана ири ГЭСтерди курууга мыйзамдык шарт түзүлүүдө

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. 

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин төрагасынын орун басары Абдимуталип Кочкорбаев баяндама жасады.

Демилгечилердин айтымында, "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзам ченемдеринде мораторий колдонулбай тургандардын так тизмеси аныкталган, бирок өзгөчө учурларда чакан жана ири суу электр станцияларынын жана жылуулук электр станцияларынын курулушу кирбей калган.

Мыйзам долбоору аркылуу чакан, орто жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк ишканаларды куруш үчүн жерлерди которууга мораторий колдонулбай тургандыгы тууралуу толуктоо киргизүү сунуш кылынат. Анткени мамлекетте өнүгүүнү активдештирүү жана электр энергиясынын жетишсиздигин жоюу максатында суу жана жылуулук электр станцияларын куруу зарыл.

Мыйзам долбоору комитеттин чечими менен 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан