Өмүрбек Текебаев менен Мелис Мырзакматов биргелешкен билдирүү жасашты (текст)

Бүгүн, 29-июнда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов биргелешкен билдирүү жасашты. 
Саясий билдирүүнүн тексти: 

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жана “Улуттар биримдиги” элдик партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматовдун атынан, Кыргыз Республикасынын келечек муундарынын өкүлдөрүнүн жана мекендештердин тагдыры үчүн жоопкерчиликти сезүү менен демократия жана эркиндик принциптери менен маанилүү болгон саясий суроолор боюнча көз караштарыбызды төмөндөгүдөй билдиребиз.

Акыркы 15 жыл ичинде Кыргыз Республикасында демократия жана суверендештирүү багытында алгылыктуу кадамдар жасалды. Тоталитардык режимдер артта калып, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясында парламентаризм жана эл бийлиги принциптери бекемделген болчу. Бирок азыркы маалда авторитаризм, “үй-бүлөлүк башкаруу” жана уруучулук биздин жашообузга кайрадан келе баштады. Алар биз туу туткан эркиндик, теңдик жана адилеттүүлүк аттуу принциптерибизге кедергисин тийгизүүдө.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы жана “Улуттар биримдиги” элдик партиясы элдин жетишкендиктерин коргоого жана мындан аркы биздин коомубуздун демократиялык өңүттөгү багытын өнүктүрүүгө бардык күчтөрүн жумшайт.

Кыргыз Республикасынын алга умтулган өнүгүүсүнүн максаты социалдык теңчилик коомун куруу болуп эсептелет. Биз социалдык багыттагы рынок экономикасын куруу боюнча жолду тандашыбыз керек экендигин айтабыз. Тең укуктуулукка жана ак ниет атаандаштыгын түптөй алсак, бул өз кезегинде жарандардын ишкердүүлүк менен алектенүүгө мүмкүндүктөрдү кең түзүп берет, жеке ишкердик жана ишкердиктин активдешүүсүнө түрткү берет. Өлкө элинин берекелүү турмушта жашашы биздин эң башкы максатыбыз болуп саналат. Ал үчүн биз бардык күчүбүздү жумшап, бул максатка жетиш үчүн мыйзам чегинде жана саясий чөйрөдө алгылыктуу иштегенге аракет кылабыз.

Биздин көз караштарыбыз жана партиялык программаларыбыз адилеттүүлүк, улуттук суверенитет жана улуттук ар-намыс баалуулуктарына негизделмекчи. Кыргыз мамлекетинин жарандары – бирдиктүү эл. Өзүнүн регионалдык, конфессиялык жана этникалык айырмачылыгына карабай өзүн мамлекет жана өлкөгө таандык кылуу, өзүн кыргыз өлкөсүнүн жараны катары таануу социалдык, саясий жана экономикалык туруктуулуктун башаты болуп эсептелет.

Үй-бүлө институтун чыңдоо мамлекеттин ырааттуу жана консолидация кылуучу стратегиясына айланышы керек. Кыргыз Республикасындагы үч жана андан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын өйдө коюучу социалдык-демографиялык саясатынын тарабында турабыз.

Кээ бир саясий күчтөр ислам динин өз кызыкчылыктарында, тактап айтсак, мамлекеттүүлүктү бузуу үчүн колдонууга далалат жасап жаткандыктарын эске алуу менен биз исламды мамлекет менен коомдун өнүгүшүнө өз салымын кошкон ишенимдүү өнөктөш деп терең ынанабыз. Көп кылымдарды карыткан улуттук-диний баалуулуктар бизге кажет жана ал элге кызмат өтөө менен Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндө ага көмөкчү болушу керек.

Биздин принцип: “Бийлик коомдун кызматында, тескерисинче эмес”. Эгерде кимдир бирөө өз кызыкчылыктарын канааттандырыш үчүн бийликке келе турган болсо, анда коом мындай атка минерлерден арылуусу кажет. Коррупция менен паракорчулук мыйзам алдында мамлекетке кыянатчылык кылуу менен барабар болушу керек. Ушундай жемкордуктун жайылышына жана жашоосуна бөгөт коё турган коомдук атмосфера түзүү – биздин жалпыбыздын максатыбыз. Биз ишенебиз, чиновниктерди тескөөнү кайра эле чиновниктердин колдоруна берип койбош керек, аларды тескөө партиялардын, ММКнын жана жарадык коомдун иши болушу зарыл.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы жана “Улуттар биримдиги” элдик партиясы өлкөдөгү жеке менчиктин көп түрдүүлүгүнө колдоо керектигин белгилейт. Жеке мүлктүн кандай гана түрү болбосун, эгер ал легитимдүү жана атаандаштыкка туруштук бере ала турган болсо, демек, ал өмүр сүрүүгө укуктуу. Бирок табигый байлыктар, кендер жана корлор кыргыз өлкөсүнүн элине гана таандык болушу керек. Биздин партиялар ишмердүүлүгүндө ушул маселелерде жигердүү иштерди алып барышмакчы.

Биз өзүн кыргыз өлкөсүнүн атуулумун деп сезген, тынчтык жана саясий туруктуулукту баалаган, элибиздин бакубат жашоосун, мамлекеттик бүтүндүктү жана анын коопсуздугун каалаган жарандарыбызды саясий жана социалдык ушул билдирүү боюнча консолидацияга жана биригүүгө чакырабыз".

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Ө.Текебаев

“Улуттар биримдиги” элдик партиясынын төрагасы М.Мырзакматов

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан