"Мөңгү музун башка жерге көчүрүү маселеси кечээ же бүгүн эле пайда боло калган маселе эмес" дейт Зилалиев

"Кумтөр" кени жер алдынан иштетиле баштаса, кендин рентабелдүүлүгү кескин төмөндөп кетет. Кен иштетилген жер кыртышы бошоңдоп калгандыктан, ири каражат жумшоого туура келет". Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев 29-июнда Жогорку Кеңеште “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу токтомдун долбоору каралып жатканда билдирди.

"Кумтөр" кенинде оор абал түзүлүп, анда жайгашкан Давыдов мөңгүсүнүн музун башка жерге көчүрүү зарылдыгы пайда болгонун айтат. "Муздун жылышынан "Кумтөрдөгү" иш токтоп калышы мүмкүн. Мөңгү музун башка жерге көчүрүү маселеси кечээ же бүгүн эле пайда боло калган маселе эмес, бул тууралуу чечим алгачкы келишим түзүлө баштаганда эле кабыл алынып калган чечим экен",- дейт Д.Зилалиев.

Эске салсак, Давыдов мөңгүсүнүн жалпы көлөмү 600 миллион куб/метр. Акыркы 20 жыл аралыгында "Кумтөрдөгү" мөңгүнүн 125 миллион куб/метри башка жерге которулган. Азыр Давыдов мөңгүсү Нарын дарыясынын 0,48 пайыз суусун берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан