Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралууда.
Аталган министрликтин башчысы Айбек Азыранкуловдун айтымында, Москва шаарында министрликтин өкүлчүлүгүн ачуу жана анын ишин жолго салуу үчүн жумшала турган 20 миллион сом өлчөмүндөгү каражат республикалык бюджетте каралган. "Өкүлчүлүк ачылса каражат издеп калбайлы деп алдын ала карап койгонбуз. Акча каралган, учурда эсепте турат. Өкүлчүлүктүн штаты бекитилсе, каражат бөлүнөт",- дейт министр. Өкүлчүлүктүн негизги милдети - Орусия аймагында иштеген эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо.