Депутаттар белгилүү спортчу Тилек Батыров Орусиянын "кара тизмесинде" экенин айтышты

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Москва шаарында өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралууда. Талкууда депутат Алтынбек Сулайманов Орусиядагы "кара тизмеден" кыргыз спортчусу Тилек Батыровду чыгарууну аталган министрликтин башчысы Айбек Азыранкуловдон талап кылды. "Тилек Батыров - дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыз чемпиону. Учурда ал Орусияда жашайт. Патриот жигит Орусиянын жарандыгын алуудан баш тарткан. Жол чырактын кызылы күйүп турганда өтүп кеткендиги үчүн аны "кара тизмеге" киргизип салышкан. Эми чыга албай жүрөт. Эгер мындай белгилүү мекендешибизди "кара тизмеден" чыгара албасаңар, анда көчө шыпырган кыргыз жарандарды кантип чыгарасыңар? "Миңдеген жарандарды "кара тизмеден" чыгардык" дегениңер - бул жөнөкөй популизм",- дейт Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан