Айбек Азыранкулов: "Орусиянын "кара тизмесинен" 49 миң жаранды чыгардык"

"Орусиянын "кара тизмесинен" 49 миң кыргыз өлкөсүнүн жаранын чыгардык",- деп билдирди парламенттин 30-июндагы жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов. Министрдин айтымында, "кара тизмеден" чыгаруу өтүнүчү менен министрликке 80 миңден ашык жаран кайрылган. "Бүгүнкү күнгө карата алардын жарымынан көбүн тизмеден чыгардык. Келишимдин негизинде "кара тизмеден" 3 топтогу адамдар чыгарылат. Биринчиси - студенттер, экинчиси - жолдошу же жакын туугандары Орусиянын жараны болгон жаран, үчүнчүсү - жогорку квалификациялуу адистер. Булар тийиштүү документтерин беришсе, тизмеден чыгарууга мүмкүнчүлүк бар",- деди Азыранкулов. 
Министр "кара тизмеге" киргендердин көбү Орусиянын миграциялык мыйзамын бузгандар экенин кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан