Эртең Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет
Эртең, 1-июлда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрөт. Анда Жээнбеков парламенттин 2010-жылдын соңунан берки аралыкта аткарган иштерине басым жасамакчы. Андан сырткары журналисттердин суроолоруна жооп берет.
Парламенттик шайлоо акыркы ирет 2010-жылы болгон. Депутаттардын мөөнөтү быйыл күзүндө аяктайт.