Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулушу тууралуу келишимди ратификациялады. Мындай чечим Мамлекеттик Думанын бүгүн, 1-июлдагы отурумунда кабыл алынганын орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Ал эми буга чейин Армения, Беларусь жана Казакстан парламенттери келишимди колдогон. Президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү келишимине 21-майда кол койгон соң ички процедуралар аяктаган эле. Атамбаев 21-июнда Санкт-Петербург шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, 1-июлдан тартып өлкө ЕАЭБге толук кандуу мүчө боло турганын айткан. Эми бул келишимге биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары кол коюшу керек.