Салык кызматы: “20 жылдын ичинде салыктык жыйымдар 25 эсеге өскөн”

Салык жыйноонун көлөмү өткөн жылы 42 миллиард сомдон ашкан. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда КРнын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 25 жыл мурун мамлекеттик бюджетке 11 миллион сом гана түшсө, 95-жылы дээрлик 2,5 миллиардга жеткен. Бул цифралар ар бир беш жыл сайын эки эсеге жогорулап турган. Ал эми үстүбүздөгү жылы 50 миллиард сомго жакын каражат чогултуу пландалууда. Ошентип, акыркы 20 жылдын ичинде салыктык жыйымдар 25 эсеге өскөн.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Мамлекеттик салык кызматы 2500дөн ашуун жогорку деңгээлдеги кесипкөй кызматкерлерден жана республика боюнча 64 аймактык башкармалыктан турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан