Адам өмүрүн алган учак кырсыгына байланыштуу Алмазбек Атамбаев Индонезиянын президентине көңүл айтты
Адам өмүрүн алган учак кырсыгына байланыштуу Алмазбек Атамбаев Индонезиянын президенти Жоко Видодого көңүл айтты. Бул тууралуу 1-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 30-июнда Индонезияда Hercules C-130аскердик учагы кулап, борттогу 113 адам каза болгон. Набыт болгондордун 101и жүргүнчү, 12си экипаж
мүчөсү болгон. Учак өлкөдөгү аскердик
базалардын биринен Бунгуран аралына учуп жөнөгөн. Ал абага
көтөрүлгөндөн 2 мүнөт өткөндө бузулуп, Медан шаарындагы мейманкана жана турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн.