Кыргызстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алып барган иши тууралуу тасма тартылууда.
Тасманын режиссёру Бектемир Мамаюсупов 7-каналга билдиргендей, кино "Улуттук коопсуздук” деп аталып, атайын кызмат демөөрчү болуп жатат.
"Тартуулар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүүдө. Тасма өлкөнүн эгемендүүлүктөн бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый жолун камтыйт", - деп билдирди режиссёр.
Кинонун премьерасы күз айларына пландалган.