Иш-чарада балдар үчүн белгилүү эстрада ырчылары жана чыгармачыл балдардын катышуусунда концерттик программа тартууланды. Балдар арасында ар түрдүү кызыктуу сынактар өткөрүлүп, атайын даярдалган белектер жана акысыз балмуздактар таратылды. Аталган долбоор Ош шаарындагы бардык 12 аймактык кеңешти камтып, 2-июлдан 22-июлга чейин шаарыбыздын 42 жеринде иш алып барат.
“Ынтымак бакчасы” - бул жайкы эс алуу маалында балдардын бош убактысын мазмундуу жана көңүлдүү уюштуруу саамалыгы. Долбоордун максаты - балдарды ата-энелери менен аянтчага чакырып, кызыктуу оюндар аркылуу баарынын башын бириктирүү. Ал Ош шаарындагы КРнын Социал-демократтар партиясынын демилгеси менен уюштурулду. Ушундай эле иш-чаралар Бишкек шаарында да өтүп жатат.