Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү сүйлөшүлдү
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2-июлда Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды
кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда 2014-2020-жылдардагы Евробиримдиктин Кыргыз Республикасы үчүн индикативдик программасынын алкагындагы кызматташуусу талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалды. Мындан тышкары эки тараптуу мамиледеги приоритеттүү багыт катары мыйзамдуулуктун жогору турушу, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды.