Өкмөттө бүгүн, 3-июлда 1916-жылдагы каргашалуу окуянын (Үркүн) 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Премьер-министр Темир Сариев окуянын 100 жылдыгына даярдык көрүү иштери өз убагында бүтүшү зарылдыгын белгилеп: “1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздагы кайгылуу окуя гана эмес, кыргыз элинин эркиндикке умтулуу күрөшү катары бааланышы керек. Учурда биздин астыбызда жарандык, урпактык милдет турат. Биз каргалашуу окуялардын 100 жылдыгын татыктуу эскерүү менен бул милдетти аткарышыбыз зарыл”,- деп билдирди.
Жыйында аталган иш-чараны өткөрүү боюнча мамлекеттик органдар, өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүнө өз алдынча иш план иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бишкек шаардык мэриясы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 1916-жылдагы окуянын курмандыктарына арналып Бишкекте тургузулчу эстелик боюнча ишти тездетүү милдети жүктөлдү.